Япония менен Кыргызстан стипендиялык программага кол коюшту

30 июня 2018 04:35 1091 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-июнда, Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин  Президенти Шиничи Китаока менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

«Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган учурдан тарта JICA биринчилерден болуп  ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда жардам көрсөтүүнү баштаган. Инфраструктураны, айыл чарбасын өнүктүрүү, кадрларды даярдоо, социалдык жана медициналык мекемелерди колдоого багытталган долбоорлордо JICAнын маанилүү ролун белгилеп кетким келет», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

 Премьер-министр республикада ишке ашырылган JICA долбоорлорунун жогорку таасирдүүлүгүн, ошондой эле алардын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилеп өттү.

 «Жакында мен «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун кеңсесинде болдум. Ушундай долбоордун арты менен айыл жерлеринде жумуш орундары түзүлүп, ал эми өндүрүлгөн продукция өлкө ичинде гана эмес, чет жакта дагы белгилүүлүккө ээ болуп жатканы кубандырат», - деди премьер министр.

 Өкмөт башчы адамзаттык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду бөлүп көрсөттү.

 «Биз үчүн Япониянын жаратылыш ресурстарына ээ болбой туруп, адамзаттык ресурстарды өнүктүрүүнүн ойлонулган саясатына басым коюу менен  жогорку өнүккөн мамлекетти куруу тажрыйбасы актуалдуу. Бул өңүттөн алганда, Япония Өкмөтүнүн мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо боюнча программасы – бул эки жактуу кызматташуунун маанилүү аспектиси», - деп баса белгиледи.

JICA Президенти Шиничи Китаока белгилегендей, кадрдык саясатты өркүндөтүү жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү уюмдун ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.«Кыргыз Республикасы менен JICAнын ортосунда көптөгөн долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга шарт түзгөн конструктивдүү өз ара алакалар түзүлдү. Муну эске алуу менен, биз жаңы долбоорлор боюнча мындан аркы кызматташууга даярбыз», -  деди JICA Президенти Шиничи Китаока. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Япониянын ортосунда Япония Өкмөтү тарабынан берилүүчү «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиалык программа»  долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду.

 


 


Ссылка: https://barometr.kg/yaponiya-menen-kyrgyzstan-stipendiyalyk-programmaga-kol-koyushtu



Добавить комментарий