Видео. Ырчы Асема Токтобекова уул төрөдү
Бөлүшүү:
Актриса, ырчы Асема Токтобекова уул төрөдү. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.
Ал аман-эсен төрөп алганын, ал үчүн Жаратканга рахмат айтканын билдирүүсүнө жазган.
"Алланын амири, элимдин батасы менен аябай жеңил төрөп, уулумду аман-эсен жарык дүйнөгө алып келип, кубанып отурам. Суроолоруңуздарга жоопторду кийинки постто чыгарайын😘", - деп билдирүү калтырган.
Асема Токтобекова Баткендин кулуну, өзүнүн бир кездердеги продюсери Акжол Нишанов менен турмуш курган.
Ссылка: https://barometr.kg/video-yrchy-asema-toktobekova-uul-trd
Добавить комментарий ×