Актриса Асема "Кыргызстан аялдар Конгрессинин" мүчөсү болду
Актриса, ырчы Асема Токтобекова расмий түрдө "Кыргызстан аялдар Конгрессинин" мүчөсү болду. Бул тууралуу ал өзү соцтармкатагы баракчасына жазды.
Кино жылдызы бул өзү үчүн жагымдуу жаңылык болгонун, айтып кубанганын билдирип, постуна Кыргызстан Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышова менен түшкөн сүрөттүн койгон.
“Достор, бүгүн мени Кыргызстан Аялдар Конгрессинин расмий түрдө мүчөсү деп жар салышты. Күтүлбөгөн өтө жагымдуу жаңылык болду, кубанычтамын.
Индонезия элчиси менен расмий жолугушуу. Сүрөттө Кыргызстан Аялдар Конгрессинин Президенти Замира Акбагышева эжекебиз менен. Sheraton Bishkek”, - деген билдирүү калтырган.
Асема Токтобекова “Боз салкын”, Көк-Жал” тасмаларында жараткан ролдору менен кино сүйүүчүлөрүнө белгилүү.
Ссылка: https://barometr.kg/aktrisa-asema-kyrgyzstan-ayaldar-kongressinin-mchs-boldu
Добавить комментарий ×