Видео. Валентина Шевченко Ошто "Кара жоргону" катыра бийледи

10 апреля 2019 14:26 2545 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok


UFCнин чемпиону Валентина Шевченко кыргыздардын улуттук бийи болгон "Кара жоргону" Ош шаарында бийледи. Мушкер кыздын бийди катыра бийлеп жаткан видеосу интернет булактарына тарап кызуу талкууга түштү.

Кечээ, 9-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында Валентина Шевченко күйөрмандары менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушуунун соңунда спортчуга “Кара жорго” бийине бийлеп берүү сунушун киргизишкенде Валентина эч кыйынчылыксыз бийлеп берген. Улуттук бийдин артынан күйөрмандарына лезгинка да бийлеп берген.

Эске салсак, Валентина Шевченко Кыргызстанга 8-апрель күнү келген. Спортчу кызды президент Сооронбай Жээнбеков “Данк” орденин ыйгарган. Андан кийин мушкерге күйөрмандары калпак кийгизип сыйлаганда интернет колдонуучулары катуу сынга алган.

Бирок Валентина Шевченко Ош шаарына барганда мэр ага жоолук салып аялдардын улуттук чепкенин жаап көпчүлүктүн көңүлүн жылыткан.

Ссылка: https://barometr.kg/video-valentina-shevchenko-oshto-kara-zhorgonu-katyra-bijledi



Добавить комментарий