"Эми эркеке элечек, белдемчи кийгизгиле!" Валентина Шевченкого ак калпак кийгизгендер интернетте талкууга кабылды

8 апреля 2019 23:14 3505 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

UFCнин чемпиону Валентина Шевченко 7-апрель күнү Кыргызстанга учуп келди. Мушкерди жердештери жылуу маанайда тосуп алышты.

Шевченконун күйөрмандары ага болгон урмат-сыйын көрсөтүү жана октагондогу ийгиликтерине алкыш айтуу иретинде кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпакты кийгизишип, чепкен жабышты.

Бирок бул көрүнүш интернет колдонуучуларынын ортосунда катуу сынга алынды. Көпчүлүк кыз кишиге эркекетин баш кийимин кийгизишкен күйөрмандарга нааразычылыгын билдиришүүдө. Алардын айтымында ак калпак эркектерге гана тиешелүү баш кийими болуп эсептелет. Аны аялга кийгизүү бул эркектердин намысына шек келтирет деп билдиришүүдө.

Фейсбук колдонуучусу Улукбек Бакен уулу:

"Эми эркек утуп келсе элечек, белдемчи кийгизели. Бул эркекпи же кызбы? Ушуну кийгизген адамга адам бол деген даары берип койгулачы!", -деп ачуусу келип турганын айтып кескин сынга алды.


Коомдук активист Бекжан Шыгаев да бул окуядан четте калбай, өз пикири менен бөлүштү.

"Бакай калпак кийгизгендерге психологиялык жактан шыпаа тилейм. Башка эмне дейбиз?", -деп кейип турганын билдирди.


Эске салсак, Валентина Шевченко 7-апрель күнү президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен Кыргызстанга келген. Мушкерди өкмөт жогорку деңгээлде гүлдөр жана ар түрдүү белектер менен тосуп алган. Ага кошумча Шевченко "Данк" ордени менен да сыйланды.


Ссылка: https://barometr.kg/emi-erkeke-elechek-beldemchi-kijgizgile-valentina-shevchenkogo-ak-kalpak-kijgizgender-internette-talkuuga-kabyldy



Добавить комментарий