UFCнин Москвада өткөргөн мелдешинде Нурмагомедов жеңилди
UFC уюмунун 9-ноябрда Москванын “ЦСКА Арена” стадионунда өткөргөн UFC Fight Night 163 мелдешинде Абабакар Нурмагомедов жеңилип калды.
Абубакар жарым орто салмакта дебюттук беттешинде германиялык мушкер Давид Завада менен кез келип, биринчи бөлүктө муунткан ыкмага кабылып, жеңилди. Ал атаандашын оңой эле takedown абалга жыгып, үстүнөн соккулардын узатып жаткан болчу. Ага карабай "үч бурчтук" деп аталган ыкмага кармалып калган.
Белгилей кетсек, Абабакар UFCсиде жеңилбес чемпион Хабиб Нурмагомедовдун жакын тууганы болот.
Абубакар өткөн жылы Хабиб менен Конор МакГрегордун беттешинде октагондон сырткаркы мушташта катышкан. Бул үчүн ал уюму тарабынан бир канча мезгилге мелдештен четтетилип, ага айып пул салынган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/video-ufcnin-moskvada-tkrgn-meldeshinde-nurmagomedov-zheildi
Добавить комментарий ×