Нурмагомедов Мейвезер менен мушташка чыгып 100 млн доллар алуудан баш тартты

25 май 2021 16:54 4434 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

UFCнын жеңил салмактагы россиялык экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов жеңилбеген мушкер Флойд Мейвезер менен беттешүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Sportskeeda беген мааалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Россиялык спортчунун менеджери Али Абдель-Азиздин айтымында, Нурмагомедовго беттеш үчүн жүз миллион доллар сунушталган.

“Жүз миллион доллар, Флойддон сура, эч кимден сураба. Хабиб: "Жок, мен кеттим. Мен апама карьерамды бүттүм деп айткам жана ага берген сөзүмдү сактайм. Эгер апам мага уруксаат берсе, күрөшө бер, мушташа бер десе, балким, күрөшөм, бирок ал азырынча айткан жок" деди. Хабиб мусулман. Биз энелерибизди абдан сыйлайбыз жана эненин уруксатысыз бейишке чыга албайбыз”, - деди менеджер.

Эске сала кетсек, профессионалдык деңгээлде Хабиб 29 мушташ өткөрүп, бир дагы жолу жеңилүүгө учураган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/nurmagomedov-mejvezer-menen-mushtashka-chygyp-100-mln-dollar-aluudan-bash-tartty



Добавить комментарий