Видео. UFC мушкери Нурмагомедовдун достору Расул Мирзаевди мыкаачылык менен сабаган видео интернетте тарады

16 октября 2019 16:49 3634 Barometr
Поделиться в:
ok


Интернетте күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиону жана ММА мушкери Расул Мирзаевдин сабалганы боюнча видео тарады. Видеодо өзүнүн канына боёлгон Расул Мирзаевди кечирим суроого мажбурлап, мыкаачылык менен сабап жаткандарды көрүүгө болот. Хабиб Нурмагомедовдун достору деп айтылгандар жабырлануучуну таяк жана чыржырлар менен сабап жатканын өзүлөрү мобилдик телефонго видеого тартышкан.  

Бул окуя боюнча видеону Mash каналы таап коомчулукка жарыялаганын "valetudo.ru" сайты жазды. 

Сабагандардын арасында Хабиб Нурмагомедовдун достору менен кошо анын туугандары да болгону айтылат. 

"Баары Конор Макгрегордун досу Артем Лобов көңүл ачып жаткан Москвадагы түнкү клубдан башталган. Анын жанына Хабидин балдары келишип, Конор коркок, Хабибге беттешке чыккандан качып жатат, деп чыр чыгарышкан. Бул тирешке Лобовдун таламын талашып Мирзаев да кошулганда массалык мушташ башталат. Арасында Хабибдин жакын туугандары да бар болгон. 

Кийинчерээк Мирзаевдин жашаган батирине ким экени белгисиз бир канча адам таяк, чынжырлар менен кирип барган. Алар мушкерди мыкаачылык менен сабашып, травматикалык тапанча менен бир нече ирет атышкан. Алаанын атына ант ичип, кечирим суроону талап кылышкан. Бул учурда бети-башы канга боёлгон Расулду кең далылуу кара кийимчен бирөө аны тургуза койбостон жерге басып жаткан болот. Жанындагылар таяк, чынжыр менен сабашып, башына, бетине тепкилешет”, - деп жазылат маалыматта.  

Белгилеп кетүүчү жагдай, 2016-жылдан бери спортчу Мирзаевдин сабалганы боюнча бир да шектүү кармалган эмес. Эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес.




Ссылка: https://barometr.kg/video-ufc-mushkeri-nurmagomedovdun-dostoru-rasul-mirzaevdi-mykaachylyk-menen-sabagan-video-internette-tarady



Добавить комментарий