Видео. U23 Дүйнө чемпионаты: Эрназар Акматалиев коло байге үчүн беттеште жеңишти алдырды
Кыргызстандык эркин күрөшчү балбан Эрназар Акматалиев 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөштө украиналык Игорь Никифорюк’ка жеңишти алдырды. Бул тууралуу машыктыруучу Сүймөнкул Табалды уулу “barometr.kg” сайтына билдирди.
"Эрназар аягына чейин кармашты. Беттештин башынан тарта чабуулга багытталган күрөш жүргүзгөндө утуп алышы мүмкүн эле. Экинчи бөлүктүн акыркы минуталарында жакшы аракет кылды. Бирок кеч болуп калды. Негизи кармаш 8:8 эсеби менен аяктады. Украин балбаны жасаган ыкманын сапатына артыкчылык берилди. Ошон үчүн ал жеңүүчү болду", - деди машыктыруучу Табалды уулу.
65 кило салмакта күч сынашкан Эрназар жарым финалда япон балбаны Такума Таниямага 3:4 эсебинде жеңилип калган болчу.
Эрназар квалификациялык этапта орусиялык Руслан Шендаевди, 1/8 финалда АКШлык Жайдин Селсор Айрманды жеңди. Ал эми чейрек финалда жергиликтүү венгр балбаны Роман Ашаринди уткан болчу.
U23 дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүүдө. 61 кило салмакта күрөшүп жаткан дагы бир кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков финалга чыкты. Ал чемпионаттын алтын байгеси үчүн индиялык Равиндер Равиндер менен күрөшөт.
Добавить комментарий ×