Видео. U23 дүйнө чемпионаты: Эркин күрөшчү Улукбек Жолдошбеков финалга чыкты

29 октября 2019 23:00 5314 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Улукбек Жолдошбеков 23 жаштагылар арасында дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Эми ал 23 жаштагылар арасындагы дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн Индия балбаны Равиндер Равиндер менен күрөшөт.

Бул тууралуу жеринен машыктыруучу Сүймөнкул Табалды уулу “barometr.kg” сайтына билдирди.

Улукбек Жолдошбеков жарым финалда япон балбанына каршы  жакшы күрөштү. Мөөнөтүнөн мурда эле таза техникалык жеңишти камсыздады. Тик туруп күрөштө (стойкада) көтөрүп чапканы эки ыкмасы мыкты жасалды. Бул упайлар беттештин тагдырын чечип койду. Ошол эле маалда биздин балбан мыкты коргоно да алды”, - деди машыктыруучу.

61 кило салмакта күрөшүп жаткан кыргыз балбаны Улукбек чейрек финалда казакстандык Даулет Тажибайды 6:0 эсебинде утуп алды. 1\8 финалда украиналык Валентин Блясецкийди, квалификациялык этапта түрк балбаны Селехитдин Сертти уткан.

Ушул күндөрү Венгринын борбору Будапешт шаарында спорттук күрөштөр боюнча U23 дүйнө чемпионаты өтүп жатат.   

Ссылка: https://barometr.kg/video-u23-djn-chempionaty-erkin-krsh-ulukbek-zholdoshbekov-finalga-chykty



Добавить комментарий