Видео. Түркиянын элчиси «Сапат» окуу жайынын президенти менен бир столго отуруудан баш тартты

13 мая 2019 13:00 2689 Barometr
Поделиться в:
ok


Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат катышкан ооз ачуудагы чуулгандуу окуя тууралуу маалымат тарады.

8-май күнү Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы башка сыйлуу коноктор менен бирге элчини ооз ачууга (ифтар) чакырган. Ал жерге «Сапат» билим берүү мекемесин бир нече жыл башкарып келген Орхан Инанды дагы чакырылган.

Элчи Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына нааразы болуп, «Сапатты» ФЕТО террордук уюмунун жактоочулары катары атаган жана Орхан Инанды менен бир столго отурбай тургандыгын билдирип, ифтарга катышпастан кетип калган. Дипломат Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып бергенин да айткан.

Эске салсак, мурдагы «Себат», учурдагы «Сапат» билим берүү мекемелери Кыргызстанда ишмердигин 1992-жылы баштаган. Анын түзүүчүсү - диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы азыркы учурдагы түрк бийлиги тарабынан «террордук» деп таанылган.

Ссылка: https://barometr.kg/video-trkiyanyn-elchisi-sapat-okuu-zhajynyn-prezidenti-menen-bir-stolgo-oturuudan-bash-tartty



Добавить комментарий