Видео. Төрага Жумабеков Эржандын жаңы жылдык катына белек менен жооп берди

31 декабря 2019 12:12 3452 1 Barometr
Поделиться в:
ok


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жаңы жылга карата балдардан келген каттарга белектер жооп кайтарууда.

Парламенттин спикеринен белек алуу бактысына бул ирет Бишкектеги №48-мектептин 3-классынын окуучусу Эржан да туш болду. Эржандын белегин Төраганын кеңешчиси Марат Пирназаров өз колуна тапшырганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Саламатсызбы Дастанбек Артисбекович! Менин атым Эржан. №48-мектепте 3-кластта окуйм. Биздин үй-бүлө чоң. Жети бир тууганбыз. Үй-бүлөбүздө атам эле иштейт. Жаңы жылдык белек катары мага жана менин бир туугандарыма компьютер берсеңиз жакшы болор эле. Рахмат”, - деп жазылат катта.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун дарегине жыл соңунда өлкөбүздүн жети дубанынан ондогон мектеп окуучуларынан жаңы жылдык белектерди сураган каттар келген. Тестиерлер негизинен компьютер, планшет, уюлдук телефон жана китеп алып берүүнү өтүнүшкөн. Арасында комуз, жорго керек деп жазгандар да бар. Төрага 11 баланын өтүнүчүн аткарды.

Ссылка: https://barometr.kg/video-traga-zhumabekov-erzhandyn-zhay-zhyldyk-katyna-belek-menen-zhoop-berdi



Добавить комментарий

  • Беатриза 5 лет назад
    Дастанбек Артистбекович Эржанга берген белегинизге чоон рахмат. Сиздей инсандар коп болсун.Ден соолукта уй булоонуз менен коп жашаныз.Алла ыраазы болсун.Терен урматым менен чон апасы Обосова Айсалкын ..