Видео. Төкмө акын Максат Кулуев Эр-Рияд шаарында албарсты менен түшүндө эмес өңүндө жолукту
Коомчулук жакшы билгендей, ушул учурда Сауд-Аравиянын Эр-Рияд шаарында этно фестиваль өтүп жатат. Ал жерде кыргыз айылы уюштурууда. Кыргыздын маданиятын жана улуттук баалулуктарын чагылдырып келүү үчүн көптөгөн өнөр адамдары жөнөп кетишкен. Алардын арасында Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Максат Кулуев өңдүү ак таңдай акындар да бар. Фестивалдын жүрүшүндө “Жөнө балам”, “Теңим бар”, “Сезимдешим” аттуу эл сүйүп уккан обонду ырлардын автору, төкмө акын Максат Кулуев өнөр ээлеринин катышуусундагы кызыктуу видеону тартканга жетишти. Анын кыска видеосу тууралуу манасчы Рысбай Исаков өзүнүң фейсбук баракчасына жамактап төмөндөгүдөй пост жарыялады:
Бул жерден көптү табасың,
Буюрса, аң-таң каласың.
Замирбек төөнүн үстүндө,
Заңкылдап айтты Манасын.
Каралар менен калышпай,
Катарлаш жүрөт Саматың.
Акындык калып күндөгү,
Айтылбай ырдын түрмөгү.
Аалы акын болуп режиссер,
Азамат төөнү сүйрөдү.
Ал эми Максат Кулуев,
Албарсты менен бийледи.
Чыгармачыл инсандардын бул видеосу көпчүлүк интернет колдонуучуларга жагып, алага ийгилик каалашууда. Кыргызстандын атынан барган өнөр ээлерине “элибиздин маданиятын дүйнөгө даңазалай бергиле”, “аман-эсен кайытып келгиле” деген пикирлер жазылууда.
Добавить комментарий ×