Кыргызстандык жаачы кызды оперцияга даярдап жатышат, анын буту сынган

10 марта 2019 22:39 2754 Barometr
Поделиться в:
ok

Асланайым Аширова Эр-Риядагы эң мыкты клиникада жатат жана ага тиешелүү  көмөк берилүүдө. Бул тууралуу бүгүн 10-мартта КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясына шилтеме кылуу менен билдирди. Аталган конфедерция “Дүйнөлүк көчмөндөр” эл аралык этнофестивалын уюштуруучулардын бири болуп саналат.   

Учурда Асланайым Ашированы оперцияга даярдашууда.  

8-мартта  “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалынын ачылыш аземине каскадерлер репетиция жасап жаткан учурда жаачы кыз өз алдынча атка минип чыгып, бутунан жаракат алган.

 “Буга чейин баардык катышуучуларга коопсуздук техникалары боюнча инструктаж өткөрүлүп, каскадер болбогондордун баарына атка минүүгө уруксат жок экени айтылган”, деп айтылат маалыматта.

Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы жагдайга тез арада реакция кылып, кызды Королдуктагы King Saudi Medical City госпиталына алып келишкен. Учурда жабырлануучуну опецияга  даярдап жатышат. Ооруканага бүгүн Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынын президенти Асхат Акибаев өзү барып кызга тезирээк сакайып кетүүнү каалады.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-zhaachy-kyzdy-operciyaga-dayardap-zhatyshat-anyn-butu-syngan



Добавить комментарий