Видео. Тилдин учундагы таттуу. Камшат Жолдыбаеванын уят-клиби күйөрмандардын оозун ачырды

3 мая 2019 14:16 9132 Barometr
Поделиться в:
ok


Казакстандык белгилүү аткаруучу Камшат Жолдыбаева Caramel деп аталган жаңы ырына тарбылган клибин жарыялады. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар кабарлашууда.

Бул ирет ырчы беш образда өзүн көрсөткөн жана клиптин соңунда ачык кызыл боди кийип чыккан. Бул образы анын күйөрмандарына жакпай, терс пикирлердин капшабында калды.

Мындан тышкары угармандар “Карамель тилдин учунда, кел да түнү бою ал” деген сөздөргө кыжырланып жатышат.

Ошого карабай бир сутканын ичинде видеону 140 миң колдонуучу көрүп, YouTube-каналда жүздөгөн адам комментарий жазды.

Эскерте кетсек,  өзгөчө образдары менен Казакстанда таанымал болгон Камшат Жолдубаева кыргызстандык белгилүү ырчы Мирбек Атабеков менен да клипке тартылган. Ырдын аталышы-Тыңда мени.

Ссылка: https://barometr.kg/video-tildin-uchundagy-tattuu-kamshat-zholdybaevanyn-uyat-klibi-kjrmandardyn-oozun-achyrdy



Добавить комментарий