Видео. Сооронбай Жээнбеков: Коррупция менен күрөштү адегенде күч органдарын тазалоодон баштадык
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков " Кабар" маалымат агенттигине маек берди. Бул Жээнбековдун президент болгондон бери мындай кенен маекти биринчи жолу берип жатат.
Жарым сааттык баарлашууда өлкө башчысы бийлик башында тургандагы 2 жылдын мөөнөттө мурда коюлган пландар, алардын аткарылышы тууралуу баяндап берген.
Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалып жатканын белгилейт. Өлкө башчысы мындан сырткары коррупция менен күрөшүү темасына токтолуп, эң оболу күч органдарындагы коррупцияны тазалоодон иш башталганын айткан.
Президент маекти «Кабар» мамлекеттик агенттигинин директору Кубан Абдымен алган.
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков президент болгонуна толук 2 жыл болду. Ал 2017-жылы 24-ноябрда өлкө башчы катары расмий түрдө ант берип, кызматына киришкен.
Добавить комментарий ×