Видео. Соцтармакта Райымбек Матраимов Бишкекте жүргөн видео тарады
Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Бишкекте жүргөн видеосу интернетте тарады. Видеодо ал жан сакчысынын коштоосунда шаардагы “Arzu” кафесинин жанында телефон менен сүйлөшүп жатат. Бажыдан жүз миллиондогон доллар каражаттын мыйзамсыз чыгарылып кетишине шектелип жаткан Райымбек Матраимовду ким тартып алганы айтылган эмес.
Эске сала кетели, жакында Бажыдан чыгарылган миллиондор тууралуу маалыматтар боюнча “Азаттык” радиосунун, ”Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттигинин биргелешкен кезектеги иликтөөсү жарыкка чыкты. Иликтөөдө Кытайдан чыгарылган жүктөр мыйзамсыз жолдор менен Кыргызстан аркылуу Өзбекстан, Казакстан, Орусиянын ири базарларына өткөрүлүп турганы айтылган. Бул ишти Бажы кызматынын башчысынун мурдагы орун басары Райымбек Матраимов түздөн-түз көзөмөл кылып, аткезчиликтен түшкөн акчаларды сол чөнтөккө салып алганы иликтөөдө белгиленген.
Эки күн мурда КСДПнын депутаты, Атамбаевдин жакын тарапташы Ирина Карамушкина мурунку бажычы Райымбек Матраимов үй-бүлөсүн алып өлкөдөн чыгып кеткенин фейсбуктагы баракчасына жазган болчу. Буга жооп кылып, Райымбек мырзанын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов кесиптеши Ирина Карамушкинанын айтканын төгүнгө чыгарган.
Ссылка: https://barometr.kg/video-soctarmakta-rajymbek-matraimov-bishkekte-zhrgn-video-tarady
Добавить комментарий ×