Видео. Сүйүнчү! Улукбек Жолдошбеков U23 дүйнө чемпиону болду

30 октября 2019 23:38 4621 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Улукбек Жолдошбеков 23 жаштагылар арасында дүйнө чемпиону болду. Алтын байге үчүн беттеште ал Индия балбаны Равиндер Равиндерди 5:3 эсебинде утуп алды.

Бул тууралуу жеринен машыктыруучу Сүймөнкул Табалды уулу “barometr.kg” сайтына билдирди.

61 кило салмакта күрөшүп жаткан кыргыз балбаны Улукбек жарым финалда япон балбаны Рютаро Хаяманы уткан. Чейрек финалда казакстандык Даулет Тажибайды 6:0 эсебинде утуп алды. 1\8 финалда украиналык Валентин Блясецкийди, квалификациялык этапта түрк балбаны Селехитдин Сертти уткан.

Ушул күндөрү Венгринын борбору Будапешт шаарында спорттук күрөштөр боюнча U23 дүйнө чемпионаты өтүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/video-sjnch-ulukbek-zholdoshbekov-u23-djn-chempionu-boldu



Добавить комментарий