Видео. Мушкер Азат Үсөналиев СССРдин Баатыры Ливенцевдин ысмындагы ири эл аралык мелдеште чемпион болду
Кыргыз мушкери Азат Үсөналиев Минск шаарында бокс боюнча СССРдин Баатыры В.И.Ливенцевдин жаркын элесине арналып 17-ирет өткөн "А" класстагы эл аралык мелдештин чемпиону болду.
52 кг салмакта таймашкан Азат финалда Англиялык Киаран Макдональд’ды жеңип алды. Бул тууралуу бокс боюнча Кыргызстандын машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов “barometr.kg” билдирди.
“Азат Үсөналиев азамат! Мелдешти жеңип, алтын байге менен кайтам деген мыкты даярдык менен келген болчу. Максатына жетти. Кайраттуу, эрктүү экенин көрсөттү. Быйыл Орусияда өткөн дүйнө чемпионатында да мыкты катышып, чейрек финалда күчтүү атаандашка, Олимпиада чемпиону, өзбекстандык мушкерге жеңилген болчу. Ошондуктан бул мелдешке башкача маанай (настрой) менен келген.
Финалда англиялык атаандашын тездик аракеттери, ыкчам чабуул уюштуруу чеберчилиги менен жеңип кетти. Азатты куттуктайм!”, - деди Шайлообек Атазов.
Эскерте кетсек, Азат Үсөналиев бул мелдешке чейрек финалдан баштап катышкан. Анда Беларусь мушкери Евгений Кармильчик’ти утуп алды. Ал эми жарым финалда дагы бир беларустук боксчу Дмитрий Замотаевди жеңген.
Аталган Эл аралык мелдешке Дүйнөнүн Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Индия, Тайланд, Италия, Испания, Англия, Франция, Шотландия, Түркия, Армения сыяктуу 21 өлкөлөрдөн мыкты боксчулар келишкен.
69 кг салмакта кыргызстандык дагы бир мушкер Сейитбек уулу Мунар да күмүш байге тагынды.
Добавить комментарий ×