Видео. Мушкер Азат Үсөналиев Минскидеги мелдештин жарым финалына чыкты

14 ноября 2019 15:26 828 Barometr
Поделиться в:
ok

Минск шаарында бокс боюнча өтүп жаткан Эл аралык класс "А" турниринде Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев жарым финалга чыкты.

52 кг салмакта таймашып жаткан боксчу чейрек финалда Беларусь мушкери Евгений Кармильчик’ти утуп алды.

Бул тууралуу жеринен Бокс боюнча Кыргызстандын машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов “barometr.kg” билдирди.

Азат Үсөналиев атаандашына мүмкүнчүлүк берген жок. үч раунд бою ринг ичинде чаббул коюп, кубалап жүрүп соккуларды узатты. Калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен Азат жеңүүчү болуп аныкталды. Эми жарым ифналда украиналык боксчу менен таймашат”, - деди Шайлообек Атазов.

Аталган Эл аралык мелдешке Дүйнөнүн Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Индия, Тайланд, Италия, Испания, Англия, Франция, Шотландия, Түркия, Армения сыяктуу 21 өлкөлөрдөн мыкты боксчулар келишкен.

69 кг салмакта кыргызстандык дагы бир мушкер Сейитбек уулу Мунар да жарым финалга чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/video-mushker-azat-snaliev-minskidegi-meldeshtin-zharym-finalyna-chykty



Добавить комментарий