Видео. Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калды: "Үмүтүңүздөрдү актай албасам кечирим сурайм"

13 апреля 2019 10:37 3610 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 13-апрель күнү четте жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калгандыгы тууралуу аэропорттон видео кайрылуу жасады.

Бабанов өз сөзүндө:

"Кымбаттуу элим! Мен үчүн Кыргызстанда мени күтүп жаткандардын жашоосу кымбат. Мени колдогон, мага күч кубат берген менин күчүм - силерсиңер, элим. Мен силердин бирөөгө курал болууңарды каалабай турам. Бүгүн митингге чыгууну токтотууну суранам. Кыргызстанга тынчтык, биримдик керек. Үмүтүңүздөрдү актай албасам кечирим сурайм. Убакыт өткөндө тарых өзү баа берет. Мен үчүн Кыргызстанымдан, кыргыз элимден, тынчтык, ынтымактан башка байлык жок. Кыргыз элим, сиздер дайыма мени колдоп жүргөнсүңөр, штабымда иштеп жүргөн балдардын баары Кыргызстанга кызмат кылат. Менин тилегим - мекениме кайтып барып, силер менен чогуу сүйлөшүп, пикир алышып отургум келет. Бирок силерди үчүнчү күчтөр колдонуп кетүүсүн каалабайм. Ага эч качан жол да бербейм. Ошондуктан, мен сиздерден бүгүнкү өтө турган тынчтык митингдерди токтотууну суранам. Мен тынчтык жолу менен келүүнү чечтим. Кудай буйруса, жакынкы күндөрү мен сөзсүз келем", - деп бүгүн болбосо да жакынкы күндөрдө сөссүз келээрин айткан.

Маалым болгондой Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келем деген күндөн тарта саясат айдыңында да, карапайым калктын ортосунда да эки жааттуу пикирлер пайда болгон. Күндүн темасына айланган саясатчынын келбей калуусу аны күткөндөр үчүн да күтпөгөндөр үчүн күтүүсүз кабар болду.

Ссылка: https://barometr.kg/video-mrbek-babanov-kyrgyzstanga-kelbej-kaldy-mtzdrd-aktaj-albasam-kechirim-surajm



Добавить комментарий