Видео. Москвада метродо жашап калган Каныбек Ошто үйүнө келгенине сүйүнүп, Акыйкатчыга ыраазычылык айтат
Орусиянын Москва шаарында документтерин жоготуп, метродо күн көрүп калган Ош облусунун тургуну Каныбек Кочкоров Кыргызстанга келди. Анын мекенине, үйүнө келишине Акыйкатчы институту көмөк көрсөттү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы “barometr.kg” сайтына билдирди.
Каныбек Ош шаарына үйүнүн жанына жетип, бул үчүн жардам бергендерге видео аркылуу ыраазычылык айткан.
Буга чейин Акыйкатчы Токон Мамытов мекендешибизди таап, тиешелүү жардам берүүнү Москвадагы коомдук башталыштагы жардамчысы Улан Кошматовго тапшырган. Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү мекендешибизди таап, Кыргызстанга жиберүү жолдорун карап жатышканын “barometr.kg” жазган болчу.
Эске сала кетсек, 20 күн мурда Москвада көчөдө көзүнө жаш алып, жардам сурап жүргөн кыргызстандык тууралуу видео социалдык тармактарда тараган болчу. Анда метродо жашап калган жаран Кыргызстандын Ош шаарынан экенин, паспортун жоготуп, көчөдө тилемчилик кылып жан багып калганын айткан.
Видеодон ал тааныштарынын атын айтып, “Мени үйгө алып кетчи” деп көзүнө жаш алып кайрылган.
Ага жолуккан дагы бир мекендешибиз Каныбектин аты-жөнүн, каяктан болорун сураган. Анын метро Текстильщикте жашаганын, тезинен жардам берүү керектигин айтып, видео аркылуу кыргызстандыктарга кайрылган болчу.
Добавить комментарий ×