Видео. Омбудсмен Москвада метродо "мени Ошко алып кетчи" деп көчөдө калган кыргыз жигитти Кыргызстанга алып келет

12 октября 2019 23:55 12318 Barometr
Поделиться в:
ok


Москва шаарында документтерин жоготуп, көчөдө, метродо күн көрүп калган Каныбек Кочкоровду Акыйкатчы институту таап, жардам берип жатат. Бул тууралуу аталган Кыргызстандын Омбудсменинин маалымат катчысы Барно Сабирова “barometr.kg” сайтына бүгүн билдирди.

Анын айтымында, Акыйкатчы Токон Мамытов мекендешибизди таап, тиешелүү жардам берүү боюнча Москвадагы коомдук башталыштагы жардамчысы Улан Кошматовго тапшырган эле. Учурда мекендешибиз табылып, ага тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп жатат.

Эске сала кетсек, 15 күн мурда Москвада көчөдө көзүнө жаш алып, жардам сурап жүргөн кыргызстандык тууралуу видео социалдык тармактарда тараган болчу. Анда ал Ош шаарынан экенин, паспортун жоготуп, көчөдө тилемчилик кылып жан багып калганын, “Мени үйгө алып кетчи” деп таанышына кайрылган.

Ага жолуккан дагы бир мекендешибиз Каныбектин аты-жөнүн, каяктан болорун сураган. Анын метро Текстильщикте жашаганын, тезинен жардам берүү керектигин айтып, видео аркылуу кыргызстандыктарга кайрылган.

Ссылка: https://barometr.kg/video-moskvada-metrodo-meni-oshko-alyp-ketchi-dep-kchd-kalgan-mekendeshibizdi-ombudsmen-tapty-emi-any-kyrgyzstanga-alyp-kelet



Добавить комментарий