Видео. ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу: Тапанчадан өзүмдү-өзүм атып алдым

26 сентября 2019 09:37 1517 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаракат алып ооруканага жаткырылган ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу өзүн-өзү атып алган. Бул тууралуу ал билдиргени тууралуу соцтармактарда видео тарады.

Ал өз сөзүндө мушкер ок атууга Кылычбек Саркарбаев жана башка жакын тааныш балдар менен чогуу болгонун, алардын бирөөсүнүн таап алган тапанчасын көрүп жатып кокусунан атып алганын айтат.

Бул чейин Оштун Кара-Суу районунун Фуркат айылында спорттук залда ММА мушкерлери Төлөгөн Рахманберди менен Кылычбек Саркарбаев чырдаша кетип, ал ок атышууга чейин барганы айтылган. Кылычбек Саркарбаев тапанча менен Төлөгөндү жоон санынын тушуна атып салганы айтылган.

Эске сала кетсек, Төлөгөн Рахманберди уулу ММА аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону болуп саналат. Ал эми Кылычбек Саркарбаев эрежесиз эр уруш боюнча мушкер, бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Саркарбаев учурда Ош шаардык спорт комитетин жетектейт.

Ссылка: https://barometr.kg/video-mma-mushkeri-tlgn-rahmanberdi-uulu-tapanchadan-zmd-zm-atyp-aldym



Добавить комментарий