Видео. Кыргыз Тайсону Казакстандагы эрежесиз эр уруш АСА 12 мелдешинде жеңди
Кыргыз Тайсону каймана аты бар Канатбек Келдибеков эрежесиз эр уруш АСА 12 мелдешиндеги беттешин жеңди.
Кыргыз Тайсону 61 кило салмакта казакстандык Алтынбек Жуманулы менен октагондо күч сынашты.
Калыстардын чечими менен Канатбек (Тайсон) Келдибеков жеңүүчү болуп табылды.
Эрежесиз эр уруш мелдеши казакстандын Алматы шаарында өттү.
Кыргыз Тайсону быйыл эле Грозный шаарында (Чеченстан) өткөн ACA (Absolute Championship Akhmat) эл аралык мушкерлер мелдешинде чемпиондук кур үчүн беттеште орусиялык Дукваха Астамиров уткан.
Канатбек Келдибеков профессионалдык карьерасында расмий 13 беттешти жеңип, 4 ирет жеңилген.
Ссылка: https://barometr.kg/video-kyrgyz-tajsonu-kazakstandagy-erezhesiz-er-urush-asa-12-meldeshinde-zhedi
Добавить комментарий ×