Видео. Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков Чеченстандагы беттешин жеңди

4 октября 2019 15:37 3220 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык Тайсон каймана аты бар эрежесиз эр-уруш мушкери Канат Келдибеков Грозный шаарында (Чеченстан) өткөн ACA (Absolute Championship Akhmat) эл аралык мушкерлер мелдешиндеги беттешин жеңди.

Кыргыз Тайсону 61 кило салмакта орусиялык Дукваха Астамиров менен беттешти. Үч раунддук беттеште калыстардын чечими менен Канат Келдибеков жеңүүчү болду.

Буга чейин Чеченстандагы “World Fighting Championship Akhmat” мушкерлер уюму менен үч беттешке келишим түзгөн.

Эгер "Тайсон" бул беттешин жеңсе, анда аталган уюм кыргыз мушкери менен жаңы келишимге барары айтылган.

Канат Келдибеков профессионалдык карьерасында 12 беттешти жеңип, 4 ирет жеңилген.

Ссылка: https://barometr.kg/video-kyrgyzstandyk-mushker-kanat-keldibekov-chechenstandagy-betteshin-zhedi



Добавить комментарий