Видео. Көк-Ташта тажик-кыргыз элинин ортосунда дагы чыр чыкты
Бүгүн Баткендин Көк-Таш айылында тажик-кыргыз чек арасында эки элдин ортосунда таш урушмай болду. Бул тууралуу айыл тургуну Абдумиталип Кумарбаев “barometr.kg” сайтына билдирди.
Учурда чыккан чыр эки тараптын күч органдары келишип, кырдаалды көзөмөлгө алышкан.
“Чогулган эл дагы деле тарай элек. Бүгүн эртең мененки саат тогуздарда кыргыз тараптан 80, тажиктерден 100дөй адам эки тарап таш урушкан. Жабыркагандар болгон эмес. Окуя кечээ кыргызстандык жарандын сабалганына улам келип чыккан. Кечээ Көк-Таш айылынын Дахма участкасында чек арага жакын жерди бир топ тажик жарандары 30 жаштардагы Алим Кадыровду сабап салышкан. Ал катуу сабалып, ооруканага түшкөн”, - деди айыл тургуну.
Мамлекеттик чек ара кызматы эки тараптын жергиликтүү бийлиги, күч органдары учурда окуя болгон жерде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын айтууда.
Бул окуя акыркы 10 күн ичинде кыргыз-тажик чегиндеги катталган үчүнчү чырдуу окуя.
Эске сала кетсек, 11-декабрда Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Миң-Булак калктуу конушунун Кара участкасына жакын жердеги тактала элек тилкеде тирешүү болгон. Тажикстандын жарандары алты трактор менен жерди түздөп, айыл чарба иштерин жүргүзө башташкан. Натыйжада эки тараптын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулуп сүйлөшүү жүргүзүшкөн.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында делимитация жана демаркация боюнча өкмөт аралык комиссия чек ара сызыгын аныктап бергенче иштерди токтотуу чечими кабыл алынды. Тажик тарап айыл чарба техникасын Кара аймагынан алып чыгып кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/video-kk-tashta-tazhik-kyrgyz-elinin-ortosunda-dagy-chyr-chykty
Добавить комментарий ×