Видео. Кыргыз-тажик чек арасы: Баткендин Кара участкасындагы тактала элек жерде эки тараптын тиреши болду

11 декабря 2019 21:50 14314 Barometr
Поделиться в:
ok


Бүгүн Баткенде кыргыз-тажик чегинде чек ара боюнча дагы тирешүү болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар “Barometr.kg” сайтына билдирип, видео-фото жиберишти. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы да тастыктап, абал туруктуу деп билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Миң-Булак калктуу конушунун Кара участкасына жакын жердеги тактала элек тилкеде Тажикстандын жарандары алты трактор менен жерди түздөп, айыл чарба иштерин жүргүзө башташкан.

Кыргыз чек арачыларынын тактала элек жерде ишти токтотуу боюнча талабын коңшу республиканын тургундары четке кагышып, ишти улантышкан.

Натыйжада эки тараптын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулуп сүйлөшүү жүргүзүштү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында делимитация жана демаркация боюнча өкмөт аралык комиссия чек ара сызыгын аныктап бергенче иштерди токтотуу чечими кабыл алынды. Тажик тарап айыл чарба техникасын Кара аймагынан алып чыгып кетти”, - деп айтылат Чек ара кызматынын  маалыматында.

Ссылка: https://barometr.kg/video-kyrgyz-tazhik-chek-arasy-batkendin-kara-uchastkasyndagy-taktala-elek-zherde-eki-taraptyn-tireshi-boldu



Добавить комментарий