Видео. Кикбоксчу Дастан Шаршеев өзбекстандык ММА мушкери Рузибоевди дагы беттешке чакырды

23 ноября 2019 12:16 4551 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандык кикбоксчу, дүйнө чемпиону Дастан Али Шаршеев кыргыз элин кемсинткен сөздөрдү айткан өзбектин ММА мушкери Нурсултан Рузибоевди дагы мушташка чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу дагы видео кайрылуу жасады. Кайрылууда үч ай мурда беттешке чакырганына карабастан өзбек мушкери ар кандай шылтоолорду айтып, качып  жүргөнүн айткан.  

Эскерте кетсек, ушул жылдын август айында Оштун Кара-Суу районунда кулатуу боюнча “WEF PROFFIGHT” уюмунун мелдеши өткөн. Анда Нурсултан Рузибоев 84 кг салмакта кыргызстандык Алтынбек Арыкбаев менен беттешке чыгып, калыстардын чечими менен жеңилип калат.

Мушташтын жыйынтыгына нааразы болгон Рузибоев мекенине барып, күйөрмандары менен баарлашууда Кыргызстандын элин башаламан эл, тартипке баш ийбейт деген сыяктуу бир катар кемсинткен, абийирге шек келтире турган сөздөрдү айткан. Мындан улам кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев салмагы аз болгонуна карабастан спорттун кандай түрүнөн болсо да беттешүүгө чакырган.

Чуунун чыккан тарыхына токтолсок, мелдеште октагондо эки мушкер Рузибоев менен Артыкбаев килем үстүндө жатып бири-биринин бутунан кайрыган ыкманы жасап жатканда беттештин аяктаганы боюнча белги берилет. Бул учурда калыс эки мушкерди токтотот. Муну Рузибоев байкабай кайрыганын уланта бергенде кыргыз мушкери Алтынбек беттеш бүткөнүн билдирип, анын санына колу менен акырын чапкылай. Атаандашы аны жеңилип берди деп түшүнөт да Өзбекстандын мамлекеттик туусун алып чыгып майрамдап баштайт. Калыстар чоо жайды түшүндүргөнүнө карабастан жеңилгенин мойнуна албай, калыстарды да туура эмес чечим чыгарды деп айыптап, жеңүүчүнүн ысымы жарыялана электе эле октагондон чыгып кеткен.

Белгилей кетсек, Дастан Али Шаршеев кикбоксинг боюнча Азия жана Дүйнө чемпиону болуп саналат. 25-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кикбоксингдин К-1 түрү боюнча профессионалдар арасында “Мыктылардын мелдешинде” чемпион болгон. Анда ал чемпиондук кур үчүн орусиялык Алексей Доджоновду 115 секунданын ичинде эсин оодара чаап утуп алган.  



Ссылка: https://barometr.kg/video-kikbokschu-dastan-sharsheev-zbekstandyk-mma-mushkeri-ruziboevdi-dagy-betteshke-chakyrdy



Добавить комментарий