Видео. Кикбоксчу Дастан Шаршеев 115 секундада атаандашын оодара согуп дүйнө чемпиону болду
Кикбоксчу Дастан Шаршеев чемпиондук кур учун таймашта россиялык Алексей Додонов 115 секундада атаандашын оодара согуп женишке жетти. Бишкектеги Кожомкул спорт ордосунда кикбоксингдин К-1 түрү боюнча профессионалдар арасында “Мыктылардын мелдеши” өтту. Анын алкагында 10 беттеш белгиленип, анда Кыргызстан, Россия, Белоруссия жана Борбор Азия мушкерлери күч сынашты. Бул тууралуу Barometr.kg сайтынын спорттук кабарчысы жеринен маалымдады.
Эң башкысы кикбоксингдин WBKF түрү боюнча дүйнө чемпиону наамы үчүн кыргызстандык Дастан Шаршеев менен россиялык Алексей Додоновдун ортосундагы таймаш күндүн башкы беттеши болду.
Дастан кечээ Barometr.kg сайтына маек берип, атаандаш күчтүү экенинин, ага карабай ута турганын айткан болчу.
Эскерте кетсек Дастан Шаршеев ушуну менен кикбоксинг боюнча 26 жолу профессиональных беттешке чыгып, 20 ирет жеңишке жетти.
Добавить комментарий ×