Видео. Казак полиция кызматкеринин бороондогу видеосу соцтармактарда талкууга алынууда
Поделиться в:
22-декабрда Казакстандын Жамбыл облусунда ылдамдыгы 30 м/с жеткен бурганактуу бороон коштогон катуу шамал болгон.
Бороондун кесепетинен эч нерсе көрүнбөй калган.
Ага карабастан айрым бир айдоочулар тобокелчикке барып, жолго чыгып жатышкан.
Айдоочуларды токтотуп калуу максатында, тынчы кеткен полиция кызматкери видеокайрылуу жасап тараткан.
Чындыгында эле ошол учурда ал жакта болуу абдан кооптуу эле. Полиция кызматкеринин бул видеосу соцтармактарда талкууга алынып, жумушуна мыкты жоопкерчилик менен мамиле кылган кызматкерлерге оң пикирлерди калтырышты.
Добавить комментарий ×