Видео. Футбол КПЛ: “Дордой” “Алай” клубун Ошто жеңип алды

28 сентябрь 2019 20:06 1606 Barometr
Бөлүшүү:
ok



Бүгүн, 28-сентябрда футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасында кезектеги, 23-турунун беттештери өттү.

Анын алкагында лидерлер Оштун "Алай" командасы менен Бишкектин "Дордой" клубу беттешип, дордойлуктар 1:3 эсебинде жеңип алды.

Голдорду: Кожо Жоэль (“Алай”) – 63, Муролим Ахмедов (“Дордой”) - 53, 77, Вахыт Оразсахедов (“Дордой”)  – 88-мүнөттөрдө киргизишти.

Бул беттештин жыйынтыгы футбол боюнча Кыргызстандын быйылкы чемпионун аныктап коюшу мүмкүн. 23-турдан кийин “Алай” 23 беттештен 50 упай, “Дордой” 21 оюндан 48 упай алды.

Ссылка: https://barometr.kg/video-futbol-kpl-dordoj-alaj-klubun-oshto-zheip-aldy



Добавить комментарий