Видео. Эркин Мамбеталиев Баткенде ички аскерлерге жол тандабас унааларды кантип белекке берди

10 октября 2019 09:00 1521 Barometr
Поделиться в:
ok

Мурдагы президент Атамбаевдин экс-жан сакчысы Баткенде ички аскерлерге жол тандабас унаа белекке бергени боюнча видео интернетте тарады.

Тынчтык Атбашингтони аттуу журналист өзүнүн фейсбук баракчасына койгон видеодо аскердик кийимчен Эркин Мамбеталиев укук коргоо органдарынын кызматкерлерине унаалардын ачкычын салтанаттуу түрдө тапшырып жатканын көрүүгө болот.

Мамбеталиев унаанын ачкычын адегенде чек ара аскер кийимченге, анан милицияга тапшырат. Бул кичинекей салтанатка аскердик катарда тизилген чек арачы кийиминдеги кызматкерлер күбө болуп турат.

Эркин Мамбеталиев бул белекти эч кандай салтанаты жок эле тапшыргысы келгенин, бирок, жергиликтүү күч органдарынын жетекчилери аны салтанаттуу түрдө тапшыр деп суранганын айтканы видео тасмада угулуп турат.

Бул менден белек. Бардык документтерин мыйзамдуу түрдө каттайбыз. Бул жол тандабас унаалар силерге көп кызмат кылышын каалайм. Белектер чын жүрөктөн берилип жатат. Баары Аллаанын ыраазычылыгы үчүн. Эң башкысы, балдар (чек арачылар - ред. Barometr.kg) аман-соо болсун”, - дейт  Мамбеталиев.

Эске сала кетсек, Баткен облустук милициясы кечээ Мамбеталиевдин унаа белек кылганын төгүндөгөн билдирүү тараткан болчу.

7-октябрь күнү саат 18:00дөр чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери тарабынан Эркин Мамбеталиевге тиешелүү болгон «CHEVPOLET-SUBURBAN» үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 09KS822AAI, 09KS820AAI болгон эки автоунаа токтотулган. Азыркы күндө Кадамжай РИИБнын кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаалар текшерилип жатат”, - деп айтылган болчу.

Ал эми кийинчерээк Баткен ОИИБ Эркин Мамбеталиев аталган унаалардын терезесин караңгылатып алганы үчүн айып салынып, айы пул төлөнгөн соң унаалар ээсине кайтарылганын айткан.

Ал арада социалдык тармактын колдонуучулары милиция менен чек арачыларды криминалдык чөйрөнүн адамдарынан белек алды деп катуу сындарды айтып чыгышты.

Ссылка: https://barometr.kg/video-erkin-mambetaliev-batkende-ichki-askerlerge-zhol-tandabas-unaalardy-kantip-belekke-berip-zhatkany-boyuncha-video-internette-tarady



Добавить комментарий