Баткен ОИИБ: Атамбаевдин экс-жан сакчысы Мамбеталиев милицияга унаа белек кылган эмес

8 октября 2019 22:34 1003 Barometr
Поделиться в:
ok

Интернетте Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткенде милиция кызматкерлерине эки жол тандабас (джип) унаасын берген деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Бүгүн 8-октябрь күнү Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев эки джип үлгүсүндөгү автоунаасын Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлерине тапшырды деген маалыматтар чыкты. Ал кабарларда унаалар жана анын жанында эл менен кошо Эркин Мамбеталиев алаканын жайып бата тилеп турган сүрөтү тиркелип турат.

Кечээ, 7-октябрь күнү саат 18:00дөр чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери тарабынан Эркин Мамбеталиевге тиешелүү болгон «CHEVPOLET-SUBURBAN» үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 09KS822AAI, 09KS820AAI болгон эки автоунаа токтотулган. Азыркы күндө Кадамжай РИИБнын кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаалар текшерилип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/batken-oiib-atambaevdin-eks-zhan-sakchysy-mambetaliev-miliciyaga-unaa-belek-kylgan-emes



Добавить комментарий