Видео. Эксклюзив маек. Дастан Шаршеев: Жеңиш үчүн эң башкысы ишеним. Мен жеңем буюрса

22 декабря 2019 16:10 16101 5 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Кыргызстандык мушкер Дастан Али Шаршеев бүгүн, 22-декабрда Эрежесиз эр уруш (ММА) спорту боюнча кезектеги беттешин өткөрөт. Кыргыз мушкери Түркиянын Стамбул шаарында өтүүчү “Warriors of Turan” аталышындагы мелдештин алкагында 73 кг салмакта октагонго чыгат. Анын атаандашы Беларуссиялык Александер Михайлин болмокчу. Бүгүн эки мушкер таразага түшүшүп, тиктешүү, көз караштар дуэли болду. 

Дастан Али Шаршеев атаандашы, беттештеги шансы, даярдык, жеңишти камсыздоого зарыл сапаттар сыяктуу суроолорго жооп берип, “Barometr.kg” сайтына маек курду.

- Дастан Эрежесиз эр-уруш (ММА) мелдешиндеги экинчи беттешиңе чыкканы жатасың, даярдык-маанай (настрой) кандай?

- Даярдык абдан жакшы өттү. Кыргызстанда 2 айдай комплекстүү машыгуу болду. Даярдыкта кыйынчылыктар да болду. Настрой буюрса жакшы.

- Бул сапар сенин атаандашың беларустук Александр Михайлин болот. Ал тууралуу маалыматтарды алсаң керек...? Анын мушташуу стили, күчтүү сапаттарын билип, ага каршы аракет көрүү боюнча даярдык көрсөң керек..?

- Ооба, мүмкүнчүлүктүн жетишинче маалыматтарды алдык. Негизинен тик туруп (стойка) мушташат экен. Анын артыкчылыгы эле, көптөн бери жалаң ММА мелдештеринде мушташып жүрөт. Ошондуктан мага караганда тажрыйбасы көбүрөөк экен.

Ал эми туруп мушташ жүргүзгөнү менин стилиме да жакын экен... Ошондуктан атаандашка каршы даярдануу оңой жагы ушул болду.

- Дастан жогоруда машыгууда кыйынчылыктар да болгонун айтып кеттиң эле, ошого токтолсоң...

- Ооба машыгууда кыйынчылыктар болду деп айттым. Менде нигизинен салмак боюнча көйгөй болду. Ашыкча салмактан арылуу, жетиштиүү, күч-кубат боло турган тамак-аш жегенде чектөө деген маселелерде кыйынчылык жаралды. Муну спортчулар жакшы түшүнөт.

- Дастан баса сен буга чейин Кыргызстандын мамлекетин, элин кемсинтип сөз айткан өзбекстандык мушкер Нурсултан Рузибоевди беттешке чакырып, салмагыңды да ошого карата даярдап жүргөнүңдү билет элем да...

- Ооба мен аны беттешке чакырып, 2 ай мурда декабр-январь айларына беттешебиз деп алдын ала сүйлөшкөнбүз. Мен ошого карата салмагымды көтөрүп, 73килодон 84 килограммга чыгып кеткен болчу. Салмакты кайра 73кө түшүрөм деп кыйналдым.

- Негизи жеңиш үчүн эң башкысы эмне?

- Эң башкысы спортчу өзүнө, өзүнүн жеңишке жетүүсүнө болгон бекем ишеним.

- Дастан бул беттеште негизги артыкчылыгың эмнеде деп эсептейсиң?

- Мен жогоруда айткандай, эң башкысы адам өзүнө ишене билгени. Ички дүйнөнүн мыкты даярдыгы маанилүү. Мен буга чейин да профессионалдык спортто мыкты жеңиштерди камсыздагам. Ошондуктан ушул менин башкы артыкчылыгым деп эсептейм.

- Жеңишке жетүүдө өзүңдүн шансыңды канчалык деп эсептейсиң?

- Шанс ар дайым бар. Аны пайдалана билиш керек. Стойкадан, жерге жатып кармашуу боюнча да мыкты даярдыктарды көрдүм. Эми калганын октагон көрсөтөт.  

- Сен инстаграм баракчаң аркылуу күйөрмандарга кайрылып, Стамбулдагы беттешке келип колдоп туруңуздар деп чакырып кеткениңди уктук... Күйөрмандандын колдоосу спортчу үчүн канчалык маанилүү, канчалык дем-күч берет?

- Негизи профессионалдык спортто бул аябай маанилүү. Күйөрмандар залга келбей деле соцтармактардан колдоо сөздөрүн айтып турса бул зор мотивация берет. Сен элиң үчүн, мамлекет үчүн керекке жараганыңа көзүң жетип, умтулуу күчтүү болот.

- Дастан сага ийгилик каалайбыз. Буюрса 22-декабрда “Warriors of Turan” мелдешинде жеңишкежетип, Кыргызстандын желегин желбиретесин деп ишенебиз.

- Чоң рахмат!

Ссылка: https://barometr.kg/video-eksklyuziv-maek-dastan-sharsheev-zheish-chn-e-bashkysy-ishenim-men-zheem-buyursa



Добавить комментарий