Видео. Чубак ажы Жалилов: Итирейген катын алыптыр тууганы ушубу дейт

23 июля 2019 13:45 9026 1 Barometr
Поделиться в:
ok


Белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов Кыргызстанда келинди кароо маданияты начар абалда деп эсептейт. Бул тууралуу пикирин ал төмөнкү видео роликте айтты.

“Жаңы келин алганда бизде кээ бирөө келиндери кул алгандай эле көрүшөт, келин эл катары тамак жебейт, ашканын жейт, очоктун боюнда жейт. Элден эрте турат, кеч жатат деп айтышат. Ооба жакшы салтыбыз бар, бирок биздин да кызыбыз ошентип келин болуп барат деп түшүнүшүбүз керек. Тамактын жаманын калтырышат, жакшысын беришпейт. Келин эч убакта эт жебейт. Ал сенин тукумуңду улай турган адам, үйүңө келип жатат. Дени сак жакшы балалуу болуш үчүн тамактын жакшысын ага беришиң керек. Кокус баласы начар төрөлсө “итирейген катын алыптыр тууганы ушубу” дейт. Ал сенин бакканың ошол. Бизде келинди кароо маданияты өтө жаман. Тарбия бериш керек, бирок ден соолугун дагы караш керек”,-деп эскертти Чубак ажы Жалилов.

Ссылка: https://barometr.kg/video-chubak-azhy-zhalilov-itirejgen-katyp-alyptyr-tuugany-ushubu-dejt



Добавить комментарий

  • Карангылар ошентпесе,бирок азыркы келиндер эле тамактын ашканын жейт дейт озуно бербейби кайра.Азыркылар кыйын,илгери ошондой болчу экен карангычылыкта.