Видео. Бишкектин Көк-Жар конушунда менчик бала бакча өрттөндү

10 октября 2019 16:26 2751 Barometr
Поделиться в:
ok


Бишкектин Көк-Жар айылында менчик үйдөгү бала-бакчада чыккан өрт өчүрүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Мындан сырткары РЭТ ишканасынан 1 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада жана милиция кызматкерлери тартылган.

Учурда өрттү курчоого алуу аракеттери көрүлүп жатат. Кырсыкта адам өмүрүнө, ден соолугуна залал келгени, жапа чеккендер тууралуу айтыла элек.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Көк-Жар калктуу конушунун Көк-Жар көчөсүндө жайгашкан жеке бала-бакчанын аймагында көмөк чордондон (трансфарматор) өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ал арада окуянын күбөсү Алекс Егоров интернетке өрт боюнча видеону жарыялады.


Ссылка: https://barometr.kg/video-bishkektin-kk-zhar-konushunda-menchik-bala-bakcha-rttnd



Добавить комментарий