Видео. Бегимай Карыбекованын "Дүйнө сулуусу" сынагындагы улуттук көйнөгү элди суктандырды

11 декабрь 2018 16:20 4128 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Таиландта "Дүйнө сулуусу 2018" сулуулар сынагы өтүп жатканы баарыбызга белгтлүү. Маалым болгондой сынакка Кыргызстандын атынан модель Бегимай Карыбекова катышууда.

Бүгүн сынактын шарты боюнча сулуулар өз мамлекеттеринин улуттук кийимдерин алып чыгышты. Бул тууралуу Бегимай Карыбекова өзү жана сынактын расмий бааркчасында жүктөлдү.

"Кыргыз экениме сыймыктанам" -деп пост жазды Карыбекова.

Мекендештерибиз жана бир топ сынака байкоо жүргүзүп отурган башка улутттун өкүлдөрүнда кыргыз улуттук көйнөгү таң калтырды. Интернет колдонуучулары көйнөкө суктанып катышуучуга ийгилик каалашууда.

Көйнөк жарашыктуу болуп гана калбастан кыргыздын улуттук арнаменттерин, баалуулуктарын толук көрсөтүп турат десек жаңылышпайбыз.

Өзгөчө костюму менен айырмалангандардын катарында көпөлөк сымал шөкөттөлгөн көйнөк кийип чыккан костарикалык кыз бар. Ал арада индиялык сулуу такты сыяктуу тигилген көйнөгүн сахнага араң көтөрүп чыкканы айтылды. Аруба, Бразилия, Эквадор, Кытай, Казакстан, Сальвадор, Гаити жана Панамадан барган бийкечтердин кийими ар кыл канаттуунун элесин берип турду.

67-ирет өтүп жаткан эл аралык сынактын финалы 17-декабрь күнү Бангкокто Impact Arena борборунун сахнасында өтөт.

Эске салсак, сынакка жалпысынан 93 өлкөнүн сулуулары катышып жатат.



Ссылка: https://barometr.kg/video-begimaj-karybekovanyn-djn-suluusu-synagyndagy-kjng-eldi-ta-kaltyrdy



Добавить комментарий