Планетанын эң сулуу мырзасы ким болду? Көз күйдүргөн сулуу мырзалардын тизмеси

29 декабря 2020 16:26 1324 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөдөгү эң популярдуу блогер Феликс PewDiePie Чельберг планетанын эң сулуу адамы деп табылды. Көзкарандысыз сынчылардын жылдык рейтингине ылайык, швед блогери биринчи катарга, башка атактуулардан озуп чыкты. Бул тууралуу TC Candler YouTube каналына жарыяланган тизмеге шилтеме берип “Барометр” билдирет.


Экинчи позицияны Түштүк Кореянын ырчысы, BTS музыкалык тобунун мүчөсү Ким Тэхён алды.


 Коло байге австралиялык актер Крис Хемсвортко тийди. 


Төртүнчү сапка авторлор BTS музыкалык тобунун дагы бир мүчөсүн - Джунг Джонггукту коюшту. 

Британиялык актер Генри Кавилл алдыңкы бештиктеги орунду алды. 

Мындан тышкары, рейтингге 40 мамлекеттен келген көптөгөн спортчулар, актерлор, моделдер жана музыканттар кирген.

Рейтингдин жаратуучулары эң сулуу жүздөрдүн тизмелери ар дайым өтө субъективдүү экендигин белгилешет, ошондуктан көптөгөн колдонуучулар жыйынтыктар менен макул болбошу мүмкүн. Бирок, авторлор аларды катуу айыптабоону суранышат, анткени 125 миңге жакын талапкердин ичинен 100 катышуучуну тандаш өтө оор жана жоопкерчиликтүү экенин эскеришти.

 "Бул өтө татаал тандоо, анткени, эч ким эч качан бардык варианттарга макул болбойт", - деп жазылган маалыматта. Бул билдирүүгө карабастан, комментарийлерде рейтингдин жыйынтыгын терс кабыл алган колдонуучулар көп болду.

Буга чейин, TC Candler каналы көз карандысыз сынчылардын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң сулуу айымдардын тизмесин жарыялаган. Аны израилдик модель жана актриса Яэль Шелбиа жетектеген.

Ссылка: https://barometr.kg/planetanyn-e-suluu-myrzasy-kim-boldu-kz-kjdrgn-suluu-myrzalardyn-tizmegi



Добавить комментарий