Видео. Баян Алагузова жолдошунун үйүнө сеп, 2 ит жана үй кызматкери менен барган

31 мая 2019 14:08 13100 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Казакстандык белгилүү продюссер Баян Алагузованын кызы Айсауле Бакытбек өзүнүн келиндик жашоосу, өз үйүнөн алып барган септери жана кайын журту менен мамилеси тууралуу кызыктары менен бөлүштү.

Айсауле өз үйүнөн кыздын себин, 2 ит жана үй кызматкерин да кошо алып келгенин билдирди.

“Ооба, мен бул нерсени өзүмө ыраа көрө алам, төлөй алам. Чындыгында үйдөгү мындай милдеттерди жалгыз өзүм аткара албайт болчумун”, -дейт жаш келин.

Ал эми жаңы келин өзүн кандай алып жүрүүгө тийиш деген суроого ал келин дайыма жолдошунун ата-энеси кайын журту менен жакшы мамиледе болушу керек деген.

“Мени кандай болсом ошондой кабыл алган, менин тамашаларымды туура түшүнгөн адамдардын үй-бүлөсүнө келин болгонума абдан кубанычтамын. Мага кеңеш бергендердин көпчүлүгү эле “сабырдуу болуп унчукпасаң эле көп жашайсың” деп айта беришет. Бизде баары тескерисинче. Ата-энебиз түшүнүктүү, колунда бар адамдар экенине кубанам. Биздин мамилебиз соонун”, -дейт жашоосуна ыраазы болгон келин.

Ага кошумча ал кайненеси менен мамилеси тууралуу:

“Менин кайненем абдан жакшы адам, апам менен каалаган темада сүйлөшө алам, сырларымды айта алам. Мен өз апам менен эмнени бөлүшсөм кайненеме да эмне болгонун кенен айтып бере алам. Өзүмдүн үйүмдү сагынуу деген болгон жок”, -деп белгиледи Бакытбек.

Маалым болгондой Айсауле апасынын арты менен да бир топ таанымал болууга жетишкен. Ал учурда инстаграм баракчасы аркылуу эле бир топ киреше табаарын маалымдады.

Атактуу продюссердин кызын бир канча жолу клиптерге, кинолорго тартылууга сунушташканын бирок өзү андан баш тартканын да айтып берген.

Айсауле жакын достору да жок экенин айтып:

“Менин нике шакектеримдин уурдалбаганына шүгүр. Досторум дээрлик жок, алар болгону экөө. Бар болгондору кыянаттык кылышып зер буюмдарымды уурдашкан”, -деп сөзүн жыйынтыктаган.

Жогорудагы интервьюну жылдыз Казакстандын белгилүү ютуб каналдарынын бирине берген маегинде айтып берген.

Көрсөтүүнүн жаңы чыгарылышы көрүүчүлөр арасында чоң талкууну жараткан. Көпчүлүк Айсауле Бакытбек ашыкча бой көтөрүп сүйлөгөнүн жана байлыгын кайра-кайра мактанганын сынга алууда.

Ссылка: https://barometr.kg/video-bayan-alaguzova-zholdoshunun-jn-sep-2-it-zhana-j-kyzmatkeri-menen-bargan-men-zm-karzhylaj-alam



Добавить комментарий