Нарында келинине болушкан кайын ата бычакталып, каза болду

8 июня 2022 12:48 1701 Barometr
Поделиться в:
ok

Өз атасын бычак менен сайып өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" кабарлайт.

Маалым болгондой,  кечээ, 7-июнь күнү, болжол менен саат 14:30 чамасында Нарын районунун Алыш айылынын тургуну 1975-жылы туулган жаран өзүнүн үйүнөн 1951-жылы туулган атасын бычак менен сайып, денесине жаракат келтирген.

"Окуя болгон жерге Нарын РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда Алыш айылынын тургуну 1975-жылы туулган К.Т. эшиктен мас абалында үйүнө кирип келип, жубайы менен уруша кеткен. Келинине болуша кеткен атасын жаран жүрөк тушунун ылдый тарабына бир жолу сайып жибергендиги аныкталган. Натыйжада, шектүүнүн атасы К.Э. денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болуп калган. Бирок, окуя болгон жерден шектүү изин жашырып качып кеткени маалым болду", - деп билдирди милиция.

Аталган факты Нарын РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Көп узабай, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул факты боюнча Нарын РИИБи тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы маалым болду.


Ссылка: https://barometr.kg/narynda-zharan-kelinine-bolushup-bychak-zhep-kaza-bolgon



Добавить комментарий