Видео. Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев 8-октябрга чейин камакка алынды

27 сентября 2019 00:37 1514 Barometr
Поделиться в:
ok


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы кызматкери, Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев 8-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө жайына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-сентябрда кечинде кабыл алды.

Атамбаевдин жан сакчысы "Массалык башаламандык", "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "топтошуп адам өлтүрүү" жана "Тергөөчү же башка кызмат адамдарынын аракеттерине тоскоолдук жаратуу" беренелери боюнча айыпталууда.

Сагымбаев мурдагы президент Атамбаевди 8-августта камакка алынганга чейин кайтарган.

20-сентябрда Сагынбаев УКМКдан бошотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/video-atambaevdin-zhan-sakchysy-kanat-sagynbaev-8-oktyabrga-chejin-kamakka-alyndy



Добавить комментарий