Видео. «Альянс-Алтын» муктаждарга көмүр таратты

16 октября 2019 15:48 4467 Barometr
Поделиться в:
ok


«Альянс-Алтын» компаниясы Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө жардамга муктаж 100 үй-бүлөнүн ар бирине жарым тоннадан көмүр таратты. Муктаждарга көмүр кечээ, 15-октябрда түшүрүлүп берилгенин аталган компаниянын өкүлү Данияр Жаныкулов билдирди.

Анын айтымында, компания социалдык муктаждыктарды жоюу максатында 1 айлык программа кабыл алган. Анын алкагында 100 үй-бүлөнүн ар бирине 500 кг көмүр таратылды.

«Жалпы 50 тонна көмүр түшүрүлгөн. Бул жардамга муктаж майып адамдарга, жаш, көп балалуу мугалимдерге таратылды. Бул социалдык программанын негизинде алдыда көп иштер жасалат», - деди ал.

Аталган компания бул долбоорду ишке ашырууга 250 миң сом сарптаган. Бул бир жолку акция эмес.

 «Альянс-Алтын» компаниясы түзүлгөндөн бери жардамга муктаждарга ар тараптуу туруктуу колдоолорду көрсөтүп келерин Жаныкулов кошумчалайт.  

Ссылка: https://barometr.kg/video-alyans-altyn-muktazhdarga-zharym-tonnadan-kmr-taratty



Добавить комментарий