Видео. Айсулуу Тыныбекова убада кылынган “Toyota Camry” унаасын алды
"Газпром Кыргызстан" компаниясынын генералдык директору Болот Абилдаев дүйнө чемпиону, балбан кыз Айсулуу Тыныбековага “Toyota Camry” унаа белек кылуу убадасын ишке ашырды.
Чемпион кыз белекти алып, агы ыраазычылык билдирген, унааны айдап достору, жакынждары менен жолуккан видеосун коюп пост жарыялады.
Болот Абилдаев 10-ноябрда Бишкекте болгон кечеде унаа белекке берүүгө убада болчу. Абилдаев спортчу Айсулуунун Олимпиада оюндарын жеңүүгө толук күчү жетерине ишене турганын билдирген. Кыргызстандын желегин Олимп обндарында көтөр, деген каалоо айткан болчу.
Айсулуу Тыныбекова быйыл Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында биринчи орунду жеңип, тарыхта Кыргызстандын капчыгына алгачкы ирет алтын байге алып келген.
Ссылка: https://barometr.kg/video-ajsuluu-tynybekova-ubada-kylyngan-toyota-camry-unaasyn-aldy
Добавить комментарий ×