Газпромдун директору Болот Абилдаев Айсулуу Тыныбековага “Toyota Camry” белек кылды

11 ноября 2019 12:18 6457 2 Barometr
Поделиться в:
ok

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын генералдык директору Болот Абилдаев дүйнө чемпиону, балбан кыз Айсулуу Тыныбековага “Toyota Camry” унаа белек кылды.

Бул кабарды Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн вице-президенти Байгазы Кенжебаев “Barometr.kg” сайтына тастыктады.

Кечээ Бишкекте болгон кечеде Болот Абилдаев унаа белек кылды. Белекти тапшырып жатып Абилдаев спортчу Айсулуунун Олимпиада оюндарын жеңүүгө толук күчү жетерине ишене турганын билдирди. Кыргызстандын желегин Олимп обндарында көтөр, деген каалоо айтты”, - деди Байгазы Кенжебаев.

Айсулуу Тыныбекова быйыл Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында биринчи орунду жеңип, тарыхта Кыргызстандын капчыгына алгачкы ирет алтын байге алып келген.

Мунун урматына өлкө башчысы Бишкектен үч бөлмөлүү батир белек кылган. Мындан сырткары жеке ишткер,  “TS-Group” курулуш компаниясынын башчысы Алмаз Тиленов 1 бөлмөлүү батирлүү белек берген.

Ссылка: https://barometr.kg/gazpromdun-direktoru-bolot-abildaev-ajsuluu-tynybekovaga-toyota-camry-belek-kyldy



Добавить комментарий