Видео. Айпери Медет кызы U23 дүйнө чемпионатынын жарым финалында жеңилди
Айпери Медет кызы U23 Дүйнө чемпионатынын финалына чыга албай калды. Жарым финалда ал япониялык Юка Кагамиге жеңишти алдырып койду. Эми ал мелдештин коло байгеси үчүн күрөшөт.
76 кило салмакта күрөшкөн Айпери чейрек финалда Канадалык Греслин Дуганды, ага чейинки баскычта италиялык Энрика Ринальди’ни уткан болчу.
Эске сала кетсек, спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарында өтүп жатат. Мелдештин кыздар күрөшү бүгүн, 30-октябрда башталды.
Бул мелдеш Кыргызстандан үч балбан кыз катышууда. 59 кило салмакта күрөшкөн Назира Марсбек кызы чейрек финалда жеңилип, мелдештен четтеп калды.
Ссылка: https://barometr.kg/video-ajperi-medet-kyzy-u23-djn-chempionatynyn-zharym-finalynda-zheildi
Добавить комментарий ×