Назира Марсбек кызы U23 дүйнө чемпионатынан четтеди
Назира Марсбек кызы U23 дүйнө чемпионатынан четтеди. 1/8 финалда ал украиналык Анхелина Лысак’ка утулуп калды.
Өз кезегинде украиналык кыз чейрек финалда япон балбаны Юмека Танабе’ге 10 балл айырма менен жеңилди. Мындан улам Назира медалга күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду.
59 кг. салмакта күрөшкөн Марсбек кызы баштапкы этапта италиялык Морена де Вита’ны 10:0 эсебинде утуп алган болчу.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Будапешт шаарында (Венгрия) өтүп жатат. Мелдештин кыздар күрөшү бүгүн, 30-октябрда башталды.
Бул мелдешке Кыргызстандын кыздар курамасынан үч салмакта балбандар катышып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/nazira-marsbek-kyzy-u23-djn-chempionatynan-chettedi
Добавить комментарий ×