Август айында 1 120 жаш бала коронавирус менен ооруганы белгилүү болду

2 сентября 2020 14:11 607 Barometr
Поделиться в:
ok

Балдарда мультисистемдик сезгенүү кездешүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан балдар арасында коронавирус диагностикалык аныктоо жана дарылоо пандемия башталгандан бери ишке ашырылып келе жатат. Азыркы учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун 4-варианты бекитилген. Балдардын арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемдик сезгенүү кездешүүдө. Жогоруда аталган протоколго мына ушул сезгенүүнү аныктоо жана дарылоо боюнча атайын бөлүм киргизилип, жолдомо жазылган”, - деп билдирди С.Б.Данияров атындагы КММКДжКЖИнин анестезиология жана реанимация курсу менен педиатрия кафедрасынын башчысы, Венера Шукурова.

 Анын айтымында, учурда Кыргызстанда беш балдар ооруканасы коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга даяр:

1. Улуттук эне жана баланы коргоо борбору (Бишкек)

2. Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы (Бишкек)

3. Ош облустар аралык балдар ооруканасы (Ош)

4. Кара-Суу районундагы балдар ооруканасы (Ош облусу)

5. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы (Бишкек)

 Мындан сырткары, аймактык ооруканаларда балдар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалган. Жалпысынан, 2356 койка-орундук бар.Август айындагы статистикага ылайык, 14 жашка чейинки коронавирус менен ооруган 1120 бала катталган. Анын ичинен:

1 жашка чейин – 117;

 1-5 жашка чейин – 354;

 6-14 жашка чейин – 649 баланы түзгөн.


Ссылка: https://barometr.kg/venera-shkrova-baldarda-multisistemdik-sezgen-kezdeshd



Добавить комментарий