WhatsApp аркылуу баланын башы үзүлгөн видео фейк эмес оперативдик тасма

14 декабря 2018 14:10 2012 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Акыркы күндөрдө кыргызстандыктарга WhatsApp аркылуу жүрөк үшүн алган видео тараган. 

Ал видеодо таштанды чакасынан жаш баланын үзүлгөн башын алып чыгышканын көрүүгө болот. Видео менен чогуу бул ишти маньяк жасагандыгы жана балдарга сак болгула деген эскертүү келген.

Видео тараган күндөн бираз өтпөй бул окуя Ош облусунда болгон деген маалымат тараган эле. 

Бирок ИИМ кызматкерлери  10-декабрда бул маалымат жалган деп билдиришкен.

Анткен менен, ал видео оперативдик съемка экендиги Казакстандын ИИМ кызматкерлери маалымдады. Бул видео Казакстандын Тараз облусунун тургундарына да жөнөтүлгөндөн кийин ал иликтөөгө алынган.

Бирок, Казакстандын ИИМ  тарабынан таратылган кабарда оперативдик тасманын кантип социалдык тармакка тарап кеткендиги тууралуу такташкан жок.


Ссылка: https://barometr.kg/vatsap-arkyluu-balanyn-bashy-uzulgon-video-tarap-zhatat



Добавить комментарий