Башы кесилген жаш баланын видеосу тууралуу Ош ИИБи: "Окуя Ак-тилек шаарчасында болгон деген маалымат жалган"
Поделиться в:
"Ватсап" социалдык түйүнү аркылуу башы кесилген жаш баланын видеосу тарап, аны "Ош шаарындагы "Ак-Тилек" кичи шаарчасындагы окуя" катары айтышып, жалган маалыматтарды беришип, элди тынчсыздандырып жатышат. Бул видеодогу окуя Ош шаарында болгон эмес, жана берилген комментарий дагы чындыкка туура келбейт. Мындай маалыматты Ош шаардык ИИМден билдиришти.
Жарандардын арасында жалган маалыматтарды таратып, коомдук коопсуздукка шек келтирген провокаторлор Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык жазага тартыла тургандыгын эскертебиз-деп жазылат маалыматта.
Добавить комментарий ×